1 Views· 05 December 2022
Табышмак Оюну | D Billions Балдар Ырлары
Ырдын сөзү:
Эй бөбөк, кел бөбөк,
Катайын табышмак.
Эй бөбөк, кел бөбөк,
Жообун жаңылбай тап!
-Кана тап! Анын өңү сыя көк.
-Ал океан!
-Жок! Ал абдан даамдуу!
-Балким, айран?
-Жок! Бир мөмөнүн шагы!
-Ал менимче, жүзүм.
-Ооба!
Эй бөбөк, эй бөбөк,
Катайын табышмак.
Эй бөбөк, эй бөбөк,
Жообун бер батыраак!
-Айтчы кандай жооп болот? Ал тоголок!
-Балким, дөңгөлөк?
-Жок, башка ал бөлөк!
-Анда, дарбыз?
-жок, биз ойнойбуз баарыбыз.
-Аа бул топ!..
Эй бөбөк,кел бөбөк,
Катайын табышмак.
Эй бөбөк,эй бөбөк
Жообун жаңылбай тап!
-Кана тап. Канаты бар көкөлөйт!
-Бул чымчык!
-Жок, буту бар, көп баспайт!
-Бул, аары.
-Жок, такыр эле чакпайт.
-А бул, көпөлөк!
-Туура
#DBillions #балдарырлары #бөбөкырлары #табышмак #балдароюну
Copyright AWA LLC 2022. All Rights Reserved
0 Comments